Депутат Жалолидин Нурбаев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиевден анын кызматтан кетип кайра келишинин себебин сурады. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Сиз министр болуп иштеп кетип, кайра келдиңиз. Бул кызматтан кетишиңизге эмне себеп болду эле?", - деп сурады депутат.
Алмазбек Бейшеналиев: "Министрлик кызматтан кетишим менен кайра келишим президенттин чечими. Ошонун негизинде кайра келип жатам", - деп жооп берди.
Депутат "реформа кылабыз деп жатасыз, сизге ишенебиз" деди.