ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндүн Жазы айылында аба ырайы бузулса эле электр жарыгы өчө берет" дейт тургун

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы айылынын тургуну кайрылды.

"Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүндө электр энергиясы бат-баттан авариялык себептен өчүп турат. Райондук электр станциясына чалсак, издеп таппай жатабыз деген гана жооп болот. Жол жээгиндеги электр мамыларына тоскоол болгон бак-дарактарды кыйдырып, тазаласа жакшы болмок.

Аба ырайына байланыштуу (шамал, жамгыр, кар жааса эле) бир суткага өчөт", - деп билдирди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан