Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлиги каралды.
Анын талапкерлигине "макул" деп 76 депутат добуш берди. "Каршы" деп эч ким добуш берген жок.
Эмгек ишмердүүлүгү:
2007-2010-жылдары - Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы;
2008-2010-жылдары - Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу;
2012-2013-жылдары - Вистула университетинин (Варшава, Польша) вице-президенти, Чет тилдер институтунун директору, проректору:
2013-жылы - Түндүк Айова университетинин чакыртылган профессору (АКШ);
2013-2014-жылы - Жонс Хопкинс университетинде пост-докторантурадан өткөн (АКШ);
2014–2017-жылдары - Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору;
2016-2017-жылдары - Жонс Хопкинс университетинин чакыртылган профессору;
2017–2018-жылдары - Өкмөттүк аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
2018-жылы - Борбор Азия регионалдык институтунун директору, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору;
2020-жылдын октябрь айынан бери билим берүү жана илим министри кызматын аркалап, 5-майда кызматтан алынган.
2021-жылы Кыргыздын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.