Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа иштерине карата даярдыктар боюнча маселе каралууда.
Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасады.
"Айыл чарбасында реформалар мурда да, азыр да болот. Дагы бир катар реформаларга барабыз. Сиздер ошол реформаларды колдоп бересиңер деп ишенем. Эгерде биздин министрлер кабинетинин өкүлдөрү суроолоруңуздарга жооп бере албаса, дайыма келгенге даярмын. Бүгүнкү күнү айыл чарба министри бир жылдан ашык иштеп такшалып калды. Мындан ары сиздер чакырганда дароо келе албай калсам, капа болбоңуздар", - деди Акылбек Жапаров.