Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктар боюнча маалымат угулууда

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктар боюнча маалымат угулууда.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков былтыр 130 миң гектар жерге күздүк буудай эгилгенин белгиледи. "Быйылкы жылы болжолдуу көрсөткүчтөр боюнча жалпы айдоо аянты 1232,6 миң гектарды түзөт же өткөн жылга салыштырмалуу пайдаланылбаган айдоолорду кыскартуунун эсебинен 6,4 миң гектарга көбөйөт. 255,5 миң гектар буудай эгилсе, май өсүмдүктөрүнүн аянты 25 миң гектар, дандык жүгөрү аянты 110 миң гектар болору болжолдонууда. Ошондой эле күрүчтүн айдоо аянты 12,5 миң гектарды түзүп, өткөн жылдан 526 гектарга көп себилсе, картөшкөнүн аянты 77 миң гектар же өткөн жылдан 2,1 миң гектарга көбөйөт. Кант кызылчасы болсо 14,5 миң гектарга себилип, былтыркы жылдан 4,2 миң гектарга көп айдалат", - деди ал.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер жана тиешелүү мекемелер жетекчилери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан