Бүгүн, 16-февралда эл өкүлү Адахан Мадумаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрү чогулду. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Динара Ашимова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Айбек Осмонов тандалды. "Ага план түзүү, документтерди чогултуу тапшырылды. Ал дүйшөмбү күнү маалыматтар болорун билдирди", - деди Ашимова.
10-февралда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына кимдер кирди?