Акылбек Жапаров: "Бири-бирибизге сын-пикир айтып жатканда боюбузга, оюбузга тийишпей эле койсок"

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктар боюнча маалымат угулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйындын соңунда сөз сүйлөдү. "Бүгүн кызуу талкуу болду. Сиздер чакырганда келе албай калсам капа болбогула. Бири-бирибизге сын-пикир айтып жатканда боюбузга, оюбузга тийишпей эле койсок. Израилден бизге жардам бер деп кеңешчи чакырып жаттым эле. "Силердин парламент сизди жана еврейлерди көп жакшы көрбөйт" экен деп келбей койду. Ал киши тамашалап койгон, аны менен көп жылдан бери доспуз деп айттым. Бирок бизге тамаша көрүнгөнү менен башка кишилерге башкача угулуп калат экен.

Ар бириңиздер менен иштешип келе жатам. Парламент менен күндүр, түндүр иштегенге даярмын. WhatsApp'тан багымдат намазынан кийин сиздер менен маектеше берем. Же кечинде саат 23:00дөн 24:00гө чейин чалсаңыздар болот. Бирок ал убакта айымдарга чалмай жок. Калгандарыңыздар чала берсеңиздер болот", - дейт Акылбек Жапаров.

Депутат Жеңишбек Токторбаев өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаган" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан