УКМК Жалал-Абад шаарында эки жашыруун оюн жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-февралда УКМК Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз уюштурулган көмүскө кумар оюндары аныкталып ага бөгөт коюлган.
"Жарандар тобу компьютердик оюн клубдарына жамынып, бош убактысын өткөрүү үчүн мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурушкан. Көрсөтүлгөн мекемеге күн сайын 70-80ге чейин адам келип турган. 15-февралда УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында уюштуруучу К.А. администраторлор Т.А. жана У.А. жана ошондой эле аталган мекемеге кумар оюндарын өткөрүүгө келген 30 адам кармалды. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.