16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө министрлер кабинетинин маалыматын угушту.
Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты.
Маселе боюнча баяндама жасаган Акылбек Жапаров айыл чарбасына насыя бериле турганын айтты. “Быйыл “Айыл Банк”, “РСК Банк” аркылуу 26 миллиард сомду 6 пайыздык чен менен айыл чарбасына насыя катары беребиз. Мындан тышкары 1,5 миллиард сомго үрөн алдырып, 1 миллиард сомду ирригация тармагына бөлдүк”, - деди ал.