Акыркы сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны 216га көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришет.
Бишкек шаары – 160;
Чүй облусу – 12;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 11;
Ысык-Көл облусу – 14;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу – 3.
Муну менен өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын саны жалпы 193 миң 601 болду.
Бүгүнкү күнгө карата республиканын ооруканаларында 353 бейтап дарыланууда.