
Коронавирустун күч алганына байланыштуу Орусия 27-марттан баштап бардык өлкөлөр менен болгон аба каттамдарын расмий түрдө белгисиз мөөнөткө токтотту. Бир гана чет өлкөлөрдө калып калган Орус жарандарын алып келүү үчүн учактар дайындалды.
Аба каттамдарынын токтотулганынан улам Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө келе албай калган жарандар аэропорттордо калып калышты. Учурда 200дөй Кыргыз жараны калып калганын Москвадагы Кыргыз өлкөсүнүн диаспорасынан билдиришти. Эми алар өлкө бийлиги аба каттамдарына расмий түрдө учууга уруксат бергенде гана Кыргыз жергесине кайта алышарын кошумчалады.
"Орусия аба каттамдарга расмий түрдө тыюу салды. Мындан улам өлкөгө кайта албай калган жарандардын саны 200дөй деген маалымат бар. Мүмкүнчүлүккө жараша кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү туугандарын, тааныштарын жана шарты оорлорду үйлөрүнө алып кетишти. Ал эми калгандарына мыйзам чегинде жардам көрсөтүлүп, тамак-аш, дары-дармектер берилип жатат.
Өлкөгө кайта албай калган жарандар үчүн Москва шаарындагы хостелдер, жатаканалар сүйлөшүлүп жатат. Жарандарыбыздын бири дагы көчөдө калбайт. Орусия расмий түрдө аба каттамдарынын учуусуна уруксат бермейинче Кыргыз өлкөсүнө бара алышпайт. Учурда биз мекендештерибизге жумуш таап берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз", - деди диаспорадан.