Москвада издөөдө жүргөн Кыргыз жараны колу кишенделген боюнча полициядан качып кетти

Москва шаарындагы ооруканалардын биринде издөөдө жүргөн Кыргыз жараны колу кишенделген боюнча полициядан качып кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы А.Г. аттуу жаран ооруканага медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, андан соң СИЗОго киргизилиши керек болчу. Ал ооруканадан дааратканага барууну суранган. Полиция анын колуна кишен салып дааратканага киргизгенде ал терезе аркылуу качып чыгып, изин жашырып кеткен.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөндүгү айтылды.

Учурда качып кеткен жаран кайрадан издөөгө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2022-02-17 11:00:18
Байкуш бир боорум баары бир кармаласын
+6
ainura220888
2022-02-17 11:41:07
Качбай отуруп эле чыкда, колун менен кылганды мойнун менен тарт. Качып тозуп жащаган жашоо деле эмесго. Эми эптеп башка олкого качып эле кетбесен баары бир кармашат.
+2
Baha.Kyrgyzstan
2022-02-17 12:29:44
Аа байкуш өзүңө өзүң көр казып атыпсыңда
+1
erkegenje
2022-02-17 12:44:56
Кино догудай болуптур да байкуш кинону көп көргөнгө дейм
+1
KaGaH
2022-02-17 15:46:57
Кыргызстанга экстрадиция болмок ошого качты,себеби бар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан