Депутат Русланбек Жакышов жазгы талаа иштерине карата күйүүчү майлардын баасын көтөрбөө керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Талас облусунун Бакай-Ата районунда 9 айыл өкмөттүн башчылары, дыйкандар менен жолугушуу өткөрдүм. Ошол жерде дыйкандар жазгы талаа иштерине жер семирткичтерди, күйүүчү майлардын баасын кармап турууну суранышты. Күйүүчү майдын баасы өсүп жатат. Айыл чарба министрине тапшырма берели. Айыл чарба багытында берилген 6 пайыздык насыя берүүнү тездетүү керек", - деди Жакышов.