Депутат Алтынбеков Жалпы республикалык тестке бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү катышышы керектигин айтты

Депутат Айбек Алтынбеков Жалпы республикалык тестке бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү катышышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Базар-Коргон районунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны 1 миң 580ди түзөт. Жалпы республикалык тестирлөөгө катышканы 570. Анын 243ү 110 баллдан жогору алат экен. Менде суроо пайда болуп жатат. Эмне үчүн 1 миң 580 окуучу Жалпы республикалык тестирлөөгө катышпайт? Менин угушум боюнча, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы мугалимдерге начар окуган балдарды катыштырбаңыздар деген тапшырмалар берилиптир. 15 пайыз бүтүрүүчү жогорку окуу жайларга тапшырышат. 85 пайызы Казакстан, Орусияга барып жатышат. Жаңы билим берүү министри окуу сапатын жогорулатуу үчүн бардык иш-чараларды аткарыш керек. Жалпы республикалык тестке бардык мектеп окуучулары катышышы керек", - дейт Алтынбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан