Депутат Кундузбек Сулайманов жөлөк пул берүү боюнча көйгөйлөр тууралуу маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жөлөк пул алып жаткандарга ата-энеңердин пенсиясы, унааңар, телевизоруңар бар экен деп бербейт экен. Кошмо жыйындарды айыл жерлерине барып өткөрсөңөр. Кыдырып гана иштей турган убак да", - дейт депутат.
Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Социалдык фонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда.