Өлкөдө кайсы медициналык окуу жайлар жабылышы мүмкүн? Тизме

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү көпчүлүк медициналык окуу жайлар акча алып эле студенттерди окутпай турганын айтат. Мындан улам медициналык окуу жайдын 17си жабыларын белгиледи.

Жабылышы мүмкүн болгон окуу жайлар:

1. "Адам" университети (Бишкек экономикалык-каржы академиясы), - медицина кызматкерлерин даярдоо бөлүмү;
2. "Ала-Тоо" эл аралык университети - медицина кызматкерлерин даярдоо бөлүмү;
3. Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
4. Эл аралык медицина жогорку мектеби;
5. Эл аралык Кыргызстан университети - медицина кызматкерлерин даярдоо бөлүмү;
6. "Салымбеков университети" мекемеси;
7. Эл аралык "Авиценна" медициналык институту;
8. Эл аралык медицина институту;
9. Эл аралык медицина университети;
10. "Роэль Метрополитен" университети;
11. "АВС" академия жоопкерчилиги чектелген коом;
12. Эл аралык медицина жана илим университети;
13. Эл аралык илим жана бизнес университети - медицина кызматкерлерин даярдоо бөлүмү;
14. Эл аралык Бишкек медициналык институту;
15. Илим изилдөө медициналык социалдык институту;
16. Кыргыз медициналык стоматологиялык институту;
17. Ош эл аралык университети.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Antiradikal10
2022-02-17 17:27:14
17 аз экен. Олконун региондорунда 2-3тон медициналык факультеттер, колледждер, атугул медициналык институттар бар. Буларды да жабуу керек. Ошондо жабылууга тийиш болгон медициналык окуу жайлардын саны кеминде 25-30ду тузот.
+11
Gulina00
2022-02-17 17:48:50
Башка окуу жайларын да карап жаап салыш кк.
+9
Taalaibek.
2022-02-17 18:39:14
Ушунча медицина окуу жайын коп кылбай эле бир чоон медицина окуу жайы жетишет эле го. Саны бар сапаты жок медицинанын керги жок эле.
+9
nazira...
2022-02-17 20:06:11
Кокууй ушунча көп экен да. Анын баарына иш бар бекен анан, бүт эле Турция, Кытай догдурлары го өзүбүздүкүлөр калып эле.
+2
ainura220888
2022-02-17 20:19:31
Жалалабадтагы мед институтту да жабыш керек. Бир офтальмолог кыз бар эле каерден бутконсун десем жалабадтан дейт. Покту билбейт. Конъюнктивит окшойт деп озум айтсам жоок жон эле кечкисин шамалдап калган дейт. Омий жайында кантип шамалдайт дедим.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан