Парламентте Баткендеги аскер кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү боюнча сунушу айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
"Тажикстан менен чектеш аймакта кызмат өтөп жаткан кыргыз Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине акчалай үлүшүн кошумча көбөйтүүнү карап чыгуу шарт. Кыргыз мамлекетинде бардык жоокерлер бирдей айлык алыш керек. Бул туура. Бирок ал жактагы жоокерлер өздөрүнүн жашоосун тобокелге салып жатышат", - дейт ал.