Лимонтинин өлүмү: Талгат Шамиев он жылга эркинен ажыратылды (видео)

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум болуп өттү.

Анда сот Талгат Шамиевди он жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 120 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамиев аттуу жаран кармалган. Ал Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Талгат Шамиевдин атасы Имаш Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан өлтүрүлгөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
raikakyz
2022-02-18 12:21:51
Соттордун туура эмес чечими мына! Атасын өлтүргөн адам өзүн дагы өлтүрөм деп жатса, өзүн өзү коргоду да жигит. Эмнеге педофилдерди 10 жылга камабайт,кыз ала качууда кыздарды өлтүрүп жатышат,эмнене ошолор 10 жылга кесилбейт. Сотто дагы деле паракорчулук бар экен да көрсө. Ак ийилиет, бирок сынбат!
+3
ainura220888
2022-02-18 15:28:05
Талгат кыйын бала экенсин. Туура эмес чечим озун озу коргоду деп азыраак берсе болмок. Тем боле олукту жашырбай нетбей озу келген. Эми сизодо отурган кундорун кобойтуп эсептеп батыраак чыгарып жиберсин
+2
Akjol18
2022-02-18 22:13:26
Түшүнбөдүм.жогоруда 100 000 төлөп берет деп жүрөт.
Бул жерде 120 000 деп жазылып жүрөтко
Негизи туура эмес чечим болуптур,адвокаттары жакшы иштебептир.
0
Datka7777
2022-02-19 00:31:06
Дагы бир эки жыл жатса чыгат экен да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан