БШКнын мүчөсү: "Баарына каршы" графасы шайлоочулардын тандоосу, бирок республикалык бюджетке кедергисин тийгизип жатат"

"Баарына каршы" графасы шайлоочулардын тандоосу, бирок республикалык бюджетке кедергисин тийгизип жатат", - деп Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Аймактарда өз бала деген түшүнүк бар да. Бишкек жалпы борборубуз, Кыргыз өлкөсүнүн булуң-бурчунан келип жашашат. Бул жерде андай жок. Былтыркы өткөн шайлоого катышкандар азыр дагы талапкерлигин коюшууда. Тандоого мүмкүнчүлүк берилип жатат. "Баарына каршы" графасы шайлоочулардын тандоосу. Бирок бул республикалык бюджетке кедергисин тийгизип жатат. Эки округга шайлоого өткөрүүгө 12 миллион сомдон ашык каражат сарпталып жатат. Кээ бир мамлекетте "баарына каршы" деген графа жок экен.

Татыктуу талапкерлер чыкты. Ошолордун арасынан тандаш керек. Эң негизгиси жарандар шайлоого катышышы керек", - дейт Жылкыбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан