Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев экс-президент Нурсултан Назарбаевдин өлкөгө кошкон салымы жана аракети унутта калбашы керек экендигин айтты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
"Нурсултан Назарбаев мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын бекемдеп, өлкөнү чыңдоого зор салым кошкон. Биз анын ишмердүүлүгүнө объективдүү баа берүүгө милдеттүүбүз. Эгер биринчи президенттин кемчиликтери болсо, биз аны жаш лидерлерге эскертүү катары кабыл алышыбыз керек. Январь окуясы өлкөбүз үчүн да, жеке мен үчүн да чоң сабак болду. Анын натыйжасы өлкөдө саясий чечимдерди кабыл алууга алып келди. Алдыда көп иштер бар. Муну ар бир адам көрүп, түшүнүп жатат деген ойдомун", - деген ал.
Ошондой эле Токаев өлкөдө калктын жашоо деңгээли төмөн экенин айтып, курч социалдык көйгөйлөр бар экендигин кошумчалады.
"Калктын көпчүлүгүнүн жашоо деңгээли төмөн. Муну моюнга алышыбыз керек. Мамлекеттин байлыгынын канча бир бөлүгү адамдардын тар тобунун колунда. Өлкөдө теңсиздик күчөп баратат. Мындан улам нааразычылыктар жаралууда. Бул тууралуу мен парламентте жана башка сүйлөгөн сөздөрүмдө айттым", - деди Токаев.