Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал 21-22-февраль күндөрү барат. Бул жолку иш сапар кыргыз парламентинин делегациясынын алгачкы расмий иш сапары болуп эсептелет. Буга чейин Орусияга Мамлекеттик Думасынын төрагасы аны расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө кыргыз парламентинин төрагасы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен жолугушат. Анда парламенттик кызматташтык, ЕАЭБдин алкагындагы бирдиктүү иш-аракеттер, соода- экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат. Айрыкча миграция маселеси боюнча өз ара кызматташтыкка өзгөчө басым жасалат. Мында Кыргыз мамлекетинин эмгек мигранттарын түйшөлткөн миграциялык каттоо, административдик чара көрүү маселелери жана жумуш берүүчүлөр тарабынан түзүлүүчү эмгек келишимдери туурасында сөз болот. Мындан тышкары кыргыз парламентинин төрагасы өзүнүн кесиптеши менен Кыргыз мамлекетинин жүк ташуучуларынын оорчундуу маселелери боюнча да пикир алышат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы менен да жолугушат.
Ошондой эле делегация мүчөлөрү Мамлекеттик Думадагы “Кыргызстан” көргөзмөсү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде болушат.