Өзгөндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровду колдоо жана партиянын абактагы мүчөсү Мирлан Ураимовду бошотууну талап кылган митинг өтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.
"Митингге чыккандар ушул Кароол айылынын тургуну Мирлан Ураимовдун абактан бошотулуусун талап кылууда. Ошондой эле Адахан Мадумаровго козголгон иш мыйзамсыз деп иштин жабылуусун талап кылууда", - деди тургун.