Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси жана анын орун басары кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашимжан Семетеев жана анын орун басары Канышай Имаровага Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, убактылуу кызматтарынан бошотулду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.