Бүгүн, 18-февралда Пакистандын Карачи шаарында белгисиз жарандар Атар Матин аттуу телепродюсерди атып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 45 жаштагы телепродюсер жеке менчик маалымат телеканалында иштечү. Ал балдарын мектепке алып барып, кайтып келе жаткан учурда ага мотоциклчен адамдар ок чыгарышкан. Атар Матин окуя болгон жерден каза тапкан.
Полициянын маалыматына караганда, күбөлөрдүн бир бөлүгү Матиндин машинеси менен кол салган кишилердин мотоциклин сүзүп алып чатак чыкканын айтса, экинчи бөлүгү журналистти талап-тоноо болгон учурда кол салганын айтышкан.
Ал эми Пакистандын ички иштер министрлиги кылмышты тыкыр иликтөө тапшырмасын бергени жазылат маалыматта.