Садыр Жапаров сырткы карыз жана мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы тууралуу пикирин айтты. Мамлекет башчысынын билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Анда сырткы карыздарды төлөөнүн атайын пландары иштелип чыкканын, өз убагында төлөнөрүн айткан.
"Эгемендик алгандан бери топтолгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакын болуптур. Эми аны кайра кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат. Эч маселе жок, толук төлөп беребиз. Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук. Динамика көрсөтүп тургандай, үстүбүздөгү жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумманы – 350 миллион доллар төлөйбүз. Андан кийин төлөм кайра ылдыйлап олтуруп, 2030-жылдар менен төлөп бүтөбүз.
Менин айтайын дегеним, ушул акча каражаттарын эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүүгө колдонсок, ар бир мамлекеттик кызматкер жок эле дегенде миң доллар эмгек акы алып иштеп калмак экен. 1-апрелден баштап эмгек акыларды көтөрөбүз, бирок албетте, миң долларга жеткире албайбыз. Казынабызга жараша максималдуу түрдө көтөргөнгө аракет кылабыз", - деп жазылат маалыматта.