Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” жашоочулары коопсуздукка байланыштуу Орусияга жапырт эвакуацияланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, эки күн мурун украин аскерлери жана Донбасстагы жикчилдер бири-бирин ок чыгарууга айыпташкан. Украина жикчил топтор мурдагы түнү 60-70 жолу ок чыгарганын, жума күнү 20дан ашык ок атышканын кабарлаган.
Ошол эле маалда “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” да украин аскерлерин чабуул жасады деп күнөөлөшүүдө.
Донбасс аймагында атышуулардын натыйжасында соңку суткада 500дөй адам жаракат алганы айтылууда. “Донецк Элдик Республикасынын” башчысы Денис Пушилин коңшу өлкөнүн жетекчилиги менен калкты убактылуу жайгаштыра туруу макулдашуусу кабыл алынганын, биринчи кезекте аялдар, балдар жана кары-картаңдар чыгарылып жатканын айтты.
Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.
Украинанын президенти Володимир Зеленский Мюнхенге болгон иш сапарынын алкагында Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен жолугушары айтылууда.
Зеленский Украинанын стабилдүүлүгүн бекемдөө үчүн мамлекет тарабынан кошумча аскердик жана каржылык колдоо көрсөтүү боюнча өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө ниеттенип жатканын президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришкен.