Ички аскерлердин майору Мурад Жакишевдин элесине арналган мелдеш өттү

Майор Мурад Жакишевдин элесине арналган турнир өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу Ички аскерлердин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-февралда Ички аскерлердин аскер кызматчысы майор Мурад Жакишевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча турнир өттү. Ага Ички аскерлердин кол башчылыгынын жана Бишкек шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн курама командалары катышты.

Анын ачылыш аземине Ички аскерлеринин кол башчысынын орун басары Марат Нуралиев, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, маркум Жакишевдин жакындары жана ардагерлер катышты. Анда кол башчынын орун басары Нуралиев катышуучуларды турнирдин башталышы менен куттуктап, ден соолук, жемиштүү жеңиш жана ийгилик каалады.

Турнирдин жыйынтыгы менен “Мыкты коргоочу”, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты гол” номинацияларынын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн командалардын арасынан мыкты оюнчулар тандап алынды.

Командалык оюнда биринчиликти 705 аскер бөлүгүнүн курама командасы багындырса, экинчи орунга 702 аскер бөлүгүнүн жана үчүнчү орунга Ички аскерлердин кол башчылыгынын курама командалары ээ болушту.

Турнирдин аягында жеңүүчүлөр диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан