Навоиде 4-кабаттагы эскалатордон небереси менен кулаган киши каза болду (видео)

Өзбекстандын Навои шаарындагы соода борборлорунун биринде небереси менен бара жаткан киши эскалатордон кулап кетти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 18-февралда аталган шаардагы соода борборлорунун биринде 53 жаштагы киши небереси экөө эскалатор менен түшүп келе жатып, тең салмактуулугун жоготуп койгон. Небереси менен 4-кабаттан кулап, окуя видеокөзөмөлгө түшүп калган.

"Киши ошол жерде каза тапты. Ал эми бала жаракат алып, ооруканага жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстанда чоң ата менен небереси эскалатордон кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2022-02-19 17:27:06
Вой вой вой 4- кабаттан кулап кетиптир жүрөгүм шуу дей түштү.
+1
nazira...
2022-02-19 17:39:07
Кап небересинин колунан кармап эле албаптыр да. Башы айланып кеткен го. Ажал да эми, 53 жашта жаш экен эле.
+4
raikakyz
2022-02-20 00:05:01
Ииий, Кудай ажалын эскалотордон бериптир да кап. 4 чү этаждан кулап ой ой ой. Кудай күттүрбөй келген кырсыктан сактасын, Оомиийн.
+3
Mister-XXX
2022-02-20 16:51:55
Эскалатордун эки тарабында тосмо болушу керек.Кандайча андан ашып,кулап кетти экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан