Орусиянын Ростов облусунда Украинанын чыгышындагы Орусияны жактаган жикчилдердин көзөмөлдөгөн аймагынан эвакуациялангандардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу RIA.RU басылмасы жазды.
"Ростов облусунун аймагындагы чек араны кесип өткөн жарандардын санынын өсүүсүн эске алып, 19-февралдын саат 10:00дөн тарта өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү режимин киргизүүнү туура деп эсептейбиз", - деген облус губернатору Василий Голубев.
Маалыматка караганда, “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасынын” эвакуацияланган адамдар Ростов облусундагы жатак борборлорго жайгаштырылууда.
Буга чейин орус президенти Владимир Путин ар бир качкынга 10 миң рублдан берүүнү буйруган.