Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден 19-февралга караган түнү эфирге чыккан маалымат жыйынында орус президенти Владимир Путин Украина менен толук масштабдуу согуш баштоону мурда эле чечкенин айтты.
Байден АКШнын "күчтүү чалгындоо коомчулугу" бар экенин белгилеп, басып алуу учурунда Украинанын борбору Киевге кол салуу болушу мүмкүндүгүнө токтолду.
Ошондой эле Орусия Украина чек арасына жакын аймактарга аскерлерин чогултканын, анын ичинде Беларустун чек арасына дагы 150 миң аскери турганын айткан.
Бир нече күн мурун Украина жана Донбасстагы жикчилдер бири-бирин ок чыгарууга айыпташты.
Эл аралык уюмдар аталган аймакта 500дөй жарылуу болгонун билдирип, тараптарды ок атууну токтотууга чакырды.
Украина бийлиги бул окуяларды "Кремлдин чагымы" атаса, Орусия тескерисинче аларды “чагым уюштурууда” деп айыптоодо.