Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган адамдарды издөө иштеринин жүрүшүнүн сүрөттөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялады.
Анда куткаруучулардын издөө иштери, анын жүрүшүндө техникалардын колдонулуусу чагылдырылган.
Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, “Чайно Роуд” компаниясынын 3 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калганы айтылган.
5 күндүк издөө иштери натыйжа бербей, кийин кошумча күчтөр тартылып, алардын ичинде Чек ара кызматынан 1 кызматкер жана 2 кинологу да чакырылганы кабарланган.