Москвада документ алуу үчүн узун кезекке турган кыргыз мигранттары эсиңиздеби? ТИМ маселе чечилгенин кабарлады

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Москва шаарынын “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда атайын өзүнчө кабыл алуу тилкеси уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралдан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Москва шаарынын “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда өзүнчө кабыл алуу тилкеси уюштурулду.

Бул чара Кыргыз жарандарына узун кезекти айланып өтүп, көп функционалдуу миграциялык борбору тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, каттоо жана башка) тез алууга жеңилдик берет.

Буга чейин Орусиянын борбору Москва шаарында мигранттар медициналык кароодон өтүү үчүн таңдан түнгө чейин кезекке турууга аргасыз болуп жаткандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Antiradikal10
2022-02-20 13:11:43
Эгер бул чимкирик бийлик, президент, Окмот, депутаттар бул маселени чечуу колунан келбесе, анда ЕАЭСтен чыгалы... Ансыз да ЕАЭС деп пайдасынан зыяны коп болуп жатат, бардык нерсе кымбаттап. Биз Россияга айыл чарба продукцияларын сатпай эле, Россия, Казахстандын продукциялары каптап кетти биздин рынокту.
+3
bosmos77777
2022-02-20 13:11:44
Уят!!! Атамбаев кучтуу Эл башчы экен.Путин менен ыржаалактаап кучаакташсада. Сапар,Илиминятоордой, Шодиевтей жегич кол астындагы кол балдары болсода.Тышкы саясатта кучтуу болгону далил болду. Чыгыш керек бажы биримдигинен. Орус менен Белорустун кулу белек? Казак менен Кыргыз.
+4
Antiradikal10
2022-02-20 13:13:14
Бийликтин лохтугу да...

Коридор сурагыча ЕАЭС олколоруно тиешеси жок деп чечим чыгартышпайбы?!

Ошону талап кылышпайбы бийликтеги акмактар?
+3
Antiradikal10
2022-02-20 13:14:35
ЕАЭСке мучо болбогон тажик, озбектерден айырмабыз калбады.....

Бир суроо: ошол Сахаровага барып жаткандардан...

Беларустар менен армяндар, казактар да барып жатабы Сахарового, кыргыздарга окшоп?
+3
AdylbekB84
2022-02-20 14:34:33
Antiradikal10,казак менен армияндар барышат экен, белорусстарга тиешеси жок экен анткени Россия менен Белоруссиянын ортосунда таможня жок! Паспортко кирди чыкты печать басылбаган үчүн!
+2
Nurik1988
2022-02-20 15:40:28
Antiradikal10,Казактар барып атат оз козум менен кордум бизге ещё анча женилдик кылып койуптур
+3
AdylbekB84
2022-02-20 14:30:54
Ушунчалыгына шүгүр январьда мен баргам 2- входтон киргенмин түштөн кийин барып 15 минутада өткөм, азыр эми 2 а деп вход ачыптыр! Күткүңөр келбесе түштөн кийин баргыла адам аз болот деп жаткан, азыр эми эрте менен барсаң дагы бош экен дешти баргандар! Былтыркы тополоңдор, паспортун алмаштырып келбегендер болбогондо калган мигранттар кыйналган болбойт элек!
+2
baisogur
2022-02-20 15:04:30
Анти Радикал бийлик бийлик дей бербей озунду иреттеп алчы акылман боло бербей
-3
Azat-123
2022-02-20 15:11:10
Москвадагы туугандар, 2А деген эшиктен кирсеңер тез өтөт экенсиңер, Диаспора Кубанычбек Осмонбековтун Фейсбук же Инста баракчасына кирсеңер кыскача видео кайрылуусу бар
+2
Nurik1988
2022-02-20 15:39:00
Туптура эле жазылган кече барып келдим анча эле женилдик кылып койуптур чем озбек тажике караганда, биздикилер бат кирип чыгып атат
+1
Antiradikal10
2022-02-20 15:47:35
Nurik1988, Москвадан ары 50-60км журосун. Мейли такси менен, мейли автобустар менен (пересадка кылып) барганда да тузук эле убакыт кетет, акча кетет. Бир барып текшеруудон отсон, 1-2 жумадан кийин жыйынтыгына кайра барсан. Чонтогундон баары болуп 7-8 мин рубль кетип жатса. Ар 3 айда ушул нерсе кайталанып жатса. Хоть тажик, озбектерге салыштырмалуу женил болгону менен...

Европа, АКШ ж.б. жактан келгендер да пошел деп барышпаса да керек.
+1
Mister-XXX
2022-02-20 17:05:10
Antiradikal10,Сен кенкелессинби?Москвада орустар да медосмотрдан өтүшөт.Неге мынча эле какшанасын?Сен кыйкырсан эле Жапаров ме бийликти деп сага бере коебу?
-2
Antiradikal10
2022-02-20 18:37:47
Mister-XXX, кенкелес сенсин. Кайсы орусун Сахарового барып мед.осмотрдан отот экен? Кана, кимди кордун?!

Коп жумушка Кыргызстанда да мед.справка сурашат. Оруссияда да коп жумушка алаарда же алгандан кийин орустар да, мигранттар да анализдер тапшырып мед.книжка алышат. Бирок ошол мед.книжкасы бар мигранттар да Сахарового барып повторно мед.осмотрдан отуп жатпайбы кенкелес! Ал эми орустарын мед.книжкасы болсо болбосо да Сахарового барбайт!
+2
Birimdik5555
2022-02-20 21:44:03
Antiradikal10, ооба туура ишке орношкондо медкнижка менен киребиз ошондо эки жолу флюграфиядан отуп калат экенбиз
+2
Nurik1988
2022-02-20 19:48:49
Antiradikal10,Ар 3 Ай да эмес ар 1 жыл сайын
+1
Birimdik5555
2022-02-20 21:39:27
Antiradikal10, ар уч айда эмес бир жылда бир отосун
+1
KaGaH
2022-02-20 23:40:09
Antiradikal10,кой анчалык эмес ашып кетсе 15/20 км,МКАДдан ары
-2
Antiradikal10
2022-02-20 15:51:03
Орус оюндагысын кылат болуп жатат. Озуно ынгайлуу болсо эле болду, калганына Оруссия тукуруп жатат. Мисалы ЕАЭСти тузуп жатканда ЕАЭСке мучо олколор оздоруно жоопкерчиликтерди алышкан. Коптогон мыйзамдар ЕАЭС принциптерине шайкеш келтирилиши керек болчу. Бирок Оруссия 1990-жж.ортосундагы мыйзамына ссылка кылып, 3 жылда 2ден ашык административдик штрафы бар жуздогон мин Кыргызстан жаранын кара тизмеге киргизди. Бугунку кундо бул мыйзам ЕАЭС принциптерине каршы келет.
-1
Azat-123
2022-02-20 15:51:35
Ар үч айда эмес, жылына бир эле жолу өтөсүңөр туугандар
0
Antiradikal10
2022-02-20 15:58:52
Azat-123, документтердин срогу 3 айлык деп жатышат.
-1
Antiradikal10
2022-02-20 15:55:07
Бирок ошондой болсо да биздин "колхоз" бийлик унчукпай келди оозуна суу толтуруп. Соке да, Саке да.

Мигранттардын акча которуусуна чектоо киргизбоо керек болчу. Бир айда 100 мин рублдан ашык акча которууга мумкун эмес деп чектоо киргизип салган Оруссия.

Эми бул мыйзамы. Эгер Оруссия озу биринчи болуп ЕАЭСтин принциптерине тукуруп жатса, анда ЕАЭСтин бизге кереги не?

Жогорудагы 3 мыйзам боюнча Кыргызстан бийлиги Путин менен чечишип алуусу керек,
+1
Antiradikal10
2022-02-20 15:58:25
Орустар убадага туруксуз болууда, двойной, тройной стандарт кылып, озунун оюнун ойноп.

Мисалы ОДКБны мисалга алалы. ОДКБ олколоруно тыштан кол салуу болгондо, ОДКБ жардам берууго милдеттуу болчу. Былтыры жазда Тажикистан бизге кол салып, биздин аймакка кирип келди. ОДКБ ордунан козголуп койгон жок. Ал эми Казахстанга тыштан кол салуу болбой, казак эли которулушко чыкса, жалпы казак элин террорист корсотуп ОДКБ Токаевге жардамга барды. Мындай ОДКБ Кыргызстанга керекпи?
+2
Mister-XXX
2022-02-20 17:07:52
Antiradikal10,Накта кенкелес,акмак,сабатсыз сен экенсин.Сөз жок.Билбеген нерселерди эле жаза бересинби?Билбесен тиргилигинди кыл да.Сага саясатка бок барбы?Куурчагынды ойно да.
+1
Antiradikal10
2022-02-20 18:38:35
Mister-XXX, бийликтин кенкелес жугундукору!
-1
Zhoro
2022-02-20 18:01:20
Медсмотр жокко чыгарып салса болмок таможный союзга мүчө болгондон кийин жок дегенде Медсмотрду 2000 рублга түшүрсө анан жарашмак
+5
KaGaH
2022-02-21 03:55:15
а дейсиңер бу дейсиңер орустун өзүнүн жери, каалаган мыйзамын киргизет,рейд кылып тазаласын орусча билбеген дубдарды депорт кылып,сасып кетти Москва тоодон түз эле келе берип кыргыз,тажик, өзбектер,орусчаны о сун билбейт, көчөдө насвай түкүрүп өз тилинде кыйкырып сүйлөгөндө жерге киресиң уялып,таксиде жаш балдар энесинин а*ынан кечее түшүп бүгүн Москвада таксовать этип жүрүшөт,правиланы билишпейт двордо 80 менен айдап,мен өзүм көрдүм ошондойлорду
-4
Munir81
2022-02-21 10:18:08
Барбай эле койгула жакпаса орусияга
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан