Кечээ, 19-февралда "ЗиЛ" тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022” кайрымдуулук фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фестивалга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ачты. Ал өз сөзүндө туризм тармагында бир катар өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын белгилеп, бул тармакта инвесторлорду тартуу иштери күч алып жаткандыгын белгиледи.
“Кыргыз өлкөсүндө эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа базалары пайда болушу керек. Анын үстүнөн өкмөт да, министрлик да иштеп жатат. Ошол эле учурда кышкы туризмге болгон кызыгуу жылдан жылга күчөп баратканын айтып, кыргызстандыктар үчүн жайкы туризм адат болуп келсе, азыр кышкы туризм да адат боло баштады”, - деди министр.
Ошондой эле Азамат Жаманкулов кайрымдуулук фестивалды биргеликте уюштурган өнөктөштөргө жана уюштурууда салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасын кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытууга болгон аракеттер күчөтүлө тургандыгын белгиледи.
Кайрымдуулук фестивалдын алкагында бий флешмобу жана ырчылардын концерти уюштурулуп, "Элим барсыңбы?" жана “Колдон колго” кайрымдуулук уюмдарынын муктаждыктарына каражат чогултуу үчүн фестивалдын катышуучуларынын арасында кайрымдуулук байгелүү билеттери ойнотулду.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы, Кыргыз Республикасынын америкалык соода палатасы, JIA Бизнес ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, Кыргыз өлкөсүнүн жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, «Колдон колго», «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду жана "ЗиЛ" тоо лыжа базасы тарабынан уюштурулду.