Луганскиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан эки жай тургун набыт болду

Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн Пионерское айылына жакын жерде жасаган чабуулунун натыйжасында, өзүн-өзү жарыялган "Луганск Элдик Республикасынын" эки жай тургуну набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү эртең менен украин куралдуу түзүмдөрүнүн Пионерское конушунун аймагындагы элдик кошуундун өкүлдөрүнө чабуул жасоого аракет кылганы кабарланууда.

"Тилекке каршы, киевдик согушчандардын агрессиясынын натыйжасында, эки жай тургун набыт болду, 5 турак жай талкаланды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ДЭР жана ЛЭР жетекчилиги Киевден келген коркунучка байланыштуу Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоону жарыялаган. “Донецк Элдик Республикасынын” башчысы Денис Пушилиндин айтымында, Украинанын президенти Володимир Зеленский жакын арада аскерлерге Донбасска чабуул коюуга буйрук берет. Ишемби күнү эртең менен ДЭР менен ЛЭРдин жетекчилери республикаларда жалпы мобилизациялоо жөнүндөгү жарлыкка кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazira...
2022-02-20 16:28:57
"Эки жай тургуну набыт болду" дегени эмне? Эки адам набыт болду дегениби?
+1
Tursunbaev1978
2022-02-20 16:34:20
nazira...,аны да жай тургуну деп туура жазбай,жай турганы деп ката жазыптыр,супердин тупойлору
+3
Toxa76
2022-02-20 16:39:57
Tursunbaev1978,боло берет сабатсыз Кыргызга.
+1
Azat-123
2022-02-20 16:43:34
Луганскиде эмес, Луганскийде же Луганскта деп жазылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан