Жашыл, жайлуу, сүйкүмдүү, таза жана ыңгайлуу. Советтик ЖМКларда мына ушундай эпитеттер менен 2019-жылы түптөлгөнүнө 150 жыл толгон Каракол шаары жөнүндө көп эскерилет.
Каракол мындан 50 жыл мурда эле СССРдеги эң жашыл шаарлардын бири деп эсептелген. Азыр болсо Каракол тууралуу башкача, “чөлгө айланып бара жатат”, “чаң каптаган” сындуу сөздөр отчёттордо, пресс-конференцияларда байма-бай жаңырганын угууга болот.
Теректер кайдасыңар?
«Караколдо теректер көп отургузулган, ал эми союз маалында жашылдандырууну көрктөө үчүн карагайлар, арча-кайыңдар отургузулган. Теректер көчөлөрдүн түздүгүн белгилеп, көрктөп турчу. Албетте, бак-дарактар аз санда эле сакталган, бирок шаар жакшы пландаштырылган, демек, сугарууну кайра баштоого мүмкүнчүлүк издеп, шаарга бак-дарактарды отургузууну баштоо керек”, - дейт шаарды жашылдандыруу боюнча адис Дмитрий Переяславский.
Буга чейин мындан жүз жана андан да көп жыл мурун Каракол шаарынын ар бир тургуну көчөт отургузуу менен гана чектелбеши керек болчу. Үйүнүн алдына теректерден аллея отургузушу керек болчу, ашык эмес, кем эмес. Шаар бийлиги бул талаптын аткарылышын катуу көзөмөлгө алып, эгер жаңы шаар тургуну каршы чыкса, үй салууга тыюу салып, керек болсо шаардан кууп чыгышы да мүмкүн болгон. Шаардагы уламыштардын биринде дал ошол теректер шаарды шамалдан сактап, укмуштуудай микроклиматты түзүп келген деп айтылат.
Бүгүнкү күндө шаарда сугат иштеринин абалы оор. Ирригациялык система дээрлик жок, анткени стихиялуу курулуштар жана менчик участоктордун кеңейиши көп жерлерде арыктардын бузулушуна алып келген. Анын үстүнө арыктарды калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес, алардын ордунда азыр тосмолор бетон аянтчалары курулуп кеткен.
Арыктар кайра кайтабы?
Караколдуктар короосундагы бакчаларын колдон келишинче сугарышат. Бирок муниципалдык аймактардагы “жашыл жасалга” жыл өткөн сайын суюлуп бара жатат. Адистердин айтымында, мурунку микроклиматты кайтаруу үчүн шаарга 30 миң бак-дарак отургузуп, арыктарды калыбына келтирүү керек. Каракол шаарынын вице-мэри Чыңгыз Бапаев айтат: "Мэрия сугат тармагын калыбына келтирүү маселесин чечүү үчүн көптөн бери аракет кылып келет. Иштин белгилүү бир бөлүгү 2022-жылга пландаштырылган. Мындан тышкары арыктар менен сугарууну кайра баштоо бир өңүттөн Караколдун тазалоочу курулмаларына болгон жүктү азайтып, шаардыктарды таза сууга болгон муктаждыгын азайтмак".
Эмен кайда, тал кайда?
Ирригациялык система кайрадан ишке киргенде, көчөттөрдү массалык отургузуу шаарды өнүктүрүүнүн жаңы этабынын башталышы болуп калат.
Биология илимдеринин кандидаты Кымбат Ибраева илимий изилдөөлөрдү эске алуу менен жашылдандырууга сабаттуу мамиле жасоону сунуштайт: "Жашылдандыруу – шаар куруунун маанилүү бөлүгү, мында бак-дарактардын жана бадалдардын биологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу, шаардын шартына ылайыктап, өсүмдүктөрдүн керектүү түрлөрүн тандоо зарыл. Каракол шаарын жашылдандырууда жалбырактуу бак-дарактарды көбүрөөк отургузуу керек, мындай көчөттөр тигилген дарактардын 70 пайызынан кем болбошу керек. Жай мезгилинде дарактардын жалбырагына чогулган чаң, жерге жалбырактар менен кошо түшөт. Жалбырактуу дарактар шаарда ызы-чуунун үнүн төмөндөтүүдө чоң рол ойнойт.
Ийне жалбырактуу дарактарга, өзгөчө арчаларга абанын булганышы башка дарактарга караганда терс таасирин көбүрөк берет. Алар 10 жылдык чаңды да чогултууга жөндөмдүү. Ошондуктан эл көп жүргөн көчөлөр алардын орду эмес. Жалбырактуу бак-дарактарды шаардык магистралдардын боюна отургузуу керек. Аянттарга, сейил бактарга терек, кара-жыгачтарды отургузууга болбойт, ал жерлерге эмен жана бадалдар ылайыктуу".
Эң негизгиси, баарыбыз башташыбыз керек. Шаар бийлиги, жергиликтүү кеңештин депутаттары, саясий партиялар, шаардыктар жана жарандык активисттер биргеликте иш алып барышы керек. Анткени шаардын сырткы көрүнүшү, экологиялык абалы ар бирибиздин кызыкчылыгыбызга туура келет!