Кыргызстан — түрдүү улуттагы, диндеги, маданияттагы, жашоого болгон көз караштары ар башка адамдардын мекени. Баарыбызды татыктуу жана бактылуу жашоого болгон умтулуубуз бириктирип турат. Мамлекеттик бийлик жарандардын бул умтулуусуна көмөк көрсөтүп, бакубат өмүр сүрүшүнө жардам бериши керек.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө мамлекеттин социалдык жоопкерчилиги купулга толоорлук эмес. Өлкөбүздө көйгөйлөр көп. Көпчүлүк аткаминерлер адилеттүүлүк үчүн күрөшпөйт, элдин кызыкчылыгын коргобойт жана алардын өтүнүчтөрүн укпайт.
Ошондуктан, бул абалды жакшыртып, бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды бириктиргим келет!
Мен үчүн башкы орунда жарандарыбыз жана алардын бакубат турмушу турат.
Өлкөбүз бюджеттик каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүүгө, салттык-маданий жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоого, светтик мамлекеттин сакталып калышына багытталган жаңыча мамлекеттик саясатка муктаж болуп турат.
Мекендештерибиздин жашоосунун, эмгек шарттарын жакшыртууга, эс алууга жана пенсиялык камсыздоого мүмкүндүк берген мамлекеттик долбоорлор талап кылынууда.
Менин максатым – мыйзамдуу жолдор менен салттуу баалуулуктарды сактоо жана алар аркылуу социалдык адилеттүү жаңы коомду түзүү.
Эң негизгиси – ЭЛ
Менин да өз өлкөмдүн алдында жоопкерчилигим бар. Алсак, жарандарыбыздын бакубат жашоо-турмушуна шарт түзүп, элдин аманаттарын аткаруу. Эл бийликтен ишке ашпаган нерселерди эч качан талап кылбайт. Негизгиси жарандарыбыз коопсуз, эркин өлкөдө жашап, акысыз билим алуу, дарылануу жана жогорку айлык акысы бар жумушка орношуу укугуна ээ болушу керек.
Бирок мамлекет жарандарыбызга жогорудагыдай шарт түзүп, элдин мүдөөсүн аткарууга дарманы жетпей келет. Бул айлык акынын деңгээлине, медицинанын сапатына, жаштардын өз потенциалын ишке ашыруусуна тикелей тиешелүү.
Эл өкүлү – элдин жаркын келечегине кайдыгер карабай, жарандарыбыздын турмушун оңдоого аракет кылышы кажет. Мен жогорудагы сапаттарга шайкеш келүүгө ар дайым аракет кылып келгем жана муну токтотпойм.
Депутат катары эң башкы ишим - социалдык чөйрөдөгү маселелерди чечүүдөн башталат. Ошондуктан төмөндөгү социалдык маанилүү мыйзамдарды кабыл алуунун убактысы бышып жетилди деп эсептейм:
✓ Билим алууга жана ден соолукту чыңдоого кетүүчү чыгымдарды мамлекет тарабынан субсидиялоо;
✓ Иштеген жарандарга мектептик жана кесиптик билим алуудагы, дарылануу жана дары-дармекке короткон каражаттын ордун толтуруу үчүн алар төлөгөн киреше салыгынын бир бөлүгүн кайтаруу;
✓ Пенсияны инфляцияга шайкеш келтирүү;
Эмгек акынын жана пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу
✓ Бюджеттик чөйрөдөгү маянанын бардык эсептеринин негизи - керектөө себетинин деңгээлине жараша болушу керек. Ал эми керектөө себети тамак-аш жана биринчи муктаж нерселерди эле эмес, турак жай, коммуналдык, балдарга кошумча билим берүүгө, ден соолукту чыңдоого жана эс алууга кеткен чыгымдарды да өзүнө камтышы зарыл;
✓ Пенсия индексациясынын системасы менен мөөнөттөрүн өзгөртүү. Пенсиянын стажын эсептөөгө ЖОЖдо окуган мөөнөтүн кошуу;
Ден соолукту коргоо жана оорулардын алдын алуу
✓ Эгерде жарандардын (айрыкча пенсионерлердин) чыгашасы суммардык кирешесинин 15 пайызынан ашса, дары-дармек сатып алуусуна кеткен чыгымдарын мамлекет кошо каржылашы керек деген норма киргизүү;
✓ Поликлиникалык жардам мекемелерин каржылоону бекемдөө. Заманбап жабдуулар жана профилдик адистер менен камсыздоо программасын иштеп чыгуу;
✓ Айрыкча эпидемия мезгилинде калкты дары-дармек менен бекер камсыздоо принцибин орнотуу жана көзөмөлдөө;
Турак жайдын жеткиликтүүлүгү жана инфраструктураны өнүктүрүү
✓ Конуштарды жана көп батирлүү кичи райондорду реконструкция кылуу жана жакшыртууда иштиктүү программаларды киргизүү керек. Бишкекте жашоо ыңгайлуу, жайлуу жана престиждүү болушу зарыл;
✓ Жол тармактарын, коммуналдык чөйрөнү, жөө жүргүнчү менен айдоочулардын коопсуз кыймылын, балдар менен пенсионерлердин эс алуучу жайларын жакшыртуу биринчи кезекте болушу шарт;
Жашоо-шартынын сапаты, татыктуу эмгек акы, укук жана коопсуздуктун кепилдиги, ден соолукту сактоо – мунун баары өз жарандарына камкордук менен мамиле кылган мамлекеттин көрсөткүчү. Бул эмгекке жарамдуу калктын сыртка чыгып кетүү агымын кыскартуунун жана социалдык маселелерди каржылоонун, өлкөнүн өнүгүшүнүн негизи.
Саламаттыкты сактоо
Саламаттыкты сактоо тармагына жасалган мамлекеттик саясатты түп тамырынан өзгөртүү керек.
✓ Жаш адистерди аймактарга бекитүү программасын түзүү жана бюджет кодексине медициналык кызматкерлердин айлык акысын аймактарды өнүктүрүү фонддорунан кошо каржылоо системасын бекитүү. Мындан сырткары, турак жай менен камсыз кылуу боюнча программаны жөнгө салуу керек. Татаалдыктарды басып өтүүнү каалабай, чет өлкөлөргө кетип жаткандыктан жаш адистерибизден ажырап калып жатабыз;
✓ Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын бирдей төлөө системасынан баш тартып, сапат жана пациенттердин саны үчүн коэффициентти жогорулатууну киргизүү зарыл. Дарыгер канча адамды кабыл алып, жардам берсе ошого жараша маяна алышы шарт;
✓ Райондук админстрациянын башчысы мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелерине материалдык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бере ала тургандай кылып бюджет кодексине өзгөртүү киргизүү. Республиканын саламаттык сактоо министрлиги жаңы жабдууларды жана керектелүүчү материалдарды сатып алууну, маянаны гана каржылашы керек. Ал эми жергиликтүү бийлик эмкана менен ооруканалардын имараттарын оңдоодон өткөрүп, кызматкерлердин эмгек акысынын коэффициенти жогорулатылган бөлүгүн кошо каржылап бериши зарыл;
✓ Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде медициналык мекемелерди санариптештирүү боюнча программаны ишке ашыруу. Кезекке тургандардын санын азайтуу үчүн медициналык мекемелерде электрондук кезек жана өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде электрондук картотеканын бирдиктүү системасын киргизүү керек. Бул республиканын кайсы жеринде болбосун дарыгерлер жарандардын оору тарыхын аныктоосуна жана так диагноз коюшуна мүмкүнчүлүк берет;
✓ Саламаттык сактоо тармагына жабдууларды жана керектелүүчү материалдарды сатып алуу үчүн мамлекеттик келишим системасын өзгөртүү керек. Жарандардын ден соолугу үчүн каражат үнөмдөө туура эмес;
Билим берүү
Билимдүү адамдардын санын көбөйтүү менен гана өлкөбүздү социалдык, экономикалык жана маданий жактан жаңы деңгээлге чыгара алабыз. Коомдун пайдалуу жана демилгелүү мүчөсү болгон инсан өсүп жетилиши үчүн алгач аны тарбиялоо, билим берүү керек.
✓ Заманбап билим берүүнүн критерийлерине шайкеш кылып мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча программаны иштеп чыгып, ишке киргизүү керек. Педагогдорго квалификациясын жогорулатканы үчүн стимул кылуу, кошумча билим алышы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү зарыл;
✓ Билим берүү мекемелерин камсыз кылуу системасын киши башына жараша каржылай турган кылып өзгөртүп, ошону менен катар эле айыл жергесиндеги мектептер үчүн да бирдиктүү минималдуу өлчөмдү сактоо;
✓ Башталгыч класстардын окуучулары, айрыкча жаңы конуштарда, айылдарда жашаган балдар үчүн “мектеп - үй” транспорттук каттамын уюштурууга муниципалиттерге каржылоону көбөйтүү;
✓ Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражатынын эсебинен бийлик мугалимдердин айлыгын жана материалдык-техникалык жабдууларды каржылай ала турган кылып бюджет кодексине өзгөртүү киргизүү керек;
Маданият
Заманбап дүйнөдө мамлекеттин өнүккөнү маянанын өлчөмү, медицинанын, билим берүүнүн, жолдордун сапаты менен гана эмес, маданияттын деңгээли менен да өлчөнөт. Маданият үйлөрүнүн, имараттардын, театрлардын, филармониялардын бар болушу эле эмес, мыкты репертуар, фестивалдар, башкысы – бийликтин бул тармакка колдоо көрсөтүүгө көңүлү болушу да маанилүү. Аймактарда, айрыкча алыскы айылдарда маданий-агартуу борборлору жокко эсе.
✓ Элдик маданий салттарды сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстандын маданий мурастарын популяризациялоо боюнча олуттуу алектенүү зарыл;
✓ Коомду өнүктүрүү үчүн маданий борборлорду уюштуруп, китепкана жана музейлердин ролун кеңейтүү. Китепканалардын көпчүлүгүн моделдик – тагыраагы жаштарды маданий жактан өнүктүрүүчү борборлорго айландыруу керек. Электрондук китептердин базасы, интернет, ийримдер, студиялар жаш муундун өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзөт;
✓ Маданият министрлигинин программасына формалдуу эмес чыгармачыл жаштар коллективдерине жана студенттик билим берүүгө реалдуу каржылык колдоо көрсөтүү камтылган программаны киргизүү;
Жаштарды өнүктүрүү
Мамлекет жаштарга кесиптик жана социалдык жактан өсүшү үчүн алгачкы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө милдеттүү! Башкысы – өлкөбүздүн келечеги алардан көз каранды экенин, өлкөнүн өнүгүшү алардын катышуусунда гана мүмкүн экенин жаштарга түшүндүрө алышыбыз керек!
✓ Бюджеттик билим берүүдөгү мамлекеттик программаны кеңейтүү, окуу жайды аяктаган адамга татыктуу маяналуу жумуш жана квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү;
✓ Жаш үй-бүлөлөргө ипотеканы субсидиялоо, ал эми 2 же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө үстөк пайызсыз ипотека берүү;
✓ Бюджеттик мекемелерде иштеген жаш адистерди акысыз турак жай менен камсыз кылуу боюнча программаны көзөмөлгө алуу;
✓ Андан ары ишке орношушу үчүн эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутуу аркылуу жаштардын потенциалын жогорулатуу;
Ишкерликти колдоо
Министрлер кабинети кичи жана орто ишкерликти, элет жериндеги үй-бүлөлүк бизнести колдоо боюнча программаны иштеп чыгып, биргеликте чарба жүргүзүп жаткан ар бир үй-бүлөгө, алардын долбоорлорунун ишке ашышына көмөк көрсөтүшү керек.
✓ Пара алуу жана коррупция аркылуу ишкерлерди кысымга алууну токтотуп, ишкерликтин айрым түрлөрүнө салыктык жеңилдиктерди берүү;
✓ Мамлекеттик бизнес-акселерация программасын киргизүү, анда жаш ишкерлер мамлекеттен колдоо алып, бизнес өкүлдөрүнүн жана профилдик министрликтин адистеринин насааты менен инновациялык долбоорлорду жана өз бизнесин өнүктүрө алышат;
✓ Экспортту колдоо боюнча агенттик ачуу жана аны каражат менен камсыздоо. Улуттук өндүрүшчүлөр эл аралык рынокторго чыгышы үчүн мамлекет аларга колдоо көрсөтүү боюнча иштерди уюштурушу зарыл;
✓ Ишкерлерге мамлекеттин жана муниципалитеттин кыймылсыз мүлк объекттерин жеңилдиктер менен колдонууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү.
✓ Өндүрүшчүлөр жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр үчүн негизги өндүрүш каражаттарын, сырье жана капиталдык салым объекттерин сатып алуусун субсидиялоо боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн ишин уюштуруу.
✓ Инновациялык долбоорлор, өндүрүш жана кайра иштетүү чөйрөсүндө ишкерлерди колдоо үчүн аймактык инжиниринг-борборлорун түзүү;
ЭЛ! АКЫЙКАТ! ТАРТИП!
Эльвира СУРАБАЛДИЕВА
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер
УРМАТТУУ ШАЙЛООЧУ!
27-февралда Биринчи май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Анын жыйынтыгы шаар үчүн, өлкө үчүн жана ар бир жаран үчүн өзгөчө маанилүү. Өлкөбүз өнүгүү жолуна түшөбү? - же дагы деле жакшы жашоону куру үмүт менен күтүү уланабы – бул сиздин тандооңуздан көз каранды. Сиз тандаган депутат парламент трибунасынан элдин таламын талашып, акыйкаттык үчүн күрөшүп, тартипти талап кылабы же жокпу, ойлонуңуз!
Ар бириңиздерди 27-февралда өз шайлоо участогуңуздарга барып, туура тандоо жасап, мени колдоп берүүңүздөрдү суранам.
Биз – биргеликте гана гүлдөгөн, өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз!
КРнын Жогорку Кеңешине талапкер Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнанын буюртмасы боюнча «super.kg порталы» тарабынан 2022-жылдын 21-февралында чыгарылды, дареги: Бишкек шаары, Турусбеков 109/1 Талапкердин шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кулжанова Д.К. тарабынан төлөндү.