Депутат унаалардын катализаторлорун алып жаткандардын жоопкерчилигин кароого чакырды

Депутат Алишер Козуев унаалардын катализаторлорун алып жаткандардын жоопкерчилигин кароого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында билдирди.

Ал унаалардан чыккан зыяндуу түтүндөрдөн улам аба булганып жатканын белгилеп, катализаторлорун алып жаткандардын жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Бир катар депутаттар Бишкек шаарынын ирригация системасын калыбына келтирүү керектигин айтып, көп кабаттуу үйлөрдү курууда экологиялык, санитардык ченемдерди сактоо менен шамалдын багытын да эске алуу керектигин кошумчалашты.

Талкуунун соңунда тармактык комитет депутаттардын пикирлерин эске алуу менен аталган маселени кийинки отурумда да кароо чечимине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан