Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айгүл Айдарова билим берүү жана илим министри Надира Жусупбековага "Мектеп окуучуларына берилчү 7 сомдук тамакты жеп көрдүңүз беле?" деген суроо узатты.
"Бала - келечек деп жатабыз. Калп эле күйүмүш болуп кулакка "лапшаны" илип жатабыз. 7 сомдук тамакты жеп көрдүңүз беле?" - деп сурады депутат.
Надира Жусупбекова: "Азык-түлүктүн баасы кымбаттай электе тендер өткөрүп, тамак жеткирүүчү компаниялар келчү. Азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттагандан кийин дароо Финансы министрлигине кайрылдык", - деди.
Депутат: "Мен кымбаттадыбы же арзандадыбы деп суроо берген жокмун. 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле деп сурап жатам. Так суроо берип жатам", - дейт.
Жусупбекова: "Мага суроо бергенден кийин жооп бергенге мүмкүнчүлүк бериңиз. 7 сомду өзүнчө алып тамак жасабайт. Азыр оор болуп жатат. Чындыкты ачык эле айтып жатабыз", - деди.