Парламенттеги үч фракция акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өзү тастыктады.
Абдрахматованын айтымында, "Ишеним", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ынтымак" фракциясы анын талапкерлигин колдошту.
Буга чейин Атыр Абдрахматова Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштеп келген. 2020-жылы октябрь окуясынан кийин ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен токтоткон.
Бул кызматты Токон Мамытов аркалап келген. Ал былтыр парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган.