Жогорку Кеңештин төрагасы Орусиянын Мамлекеттик Думасынан кыргыз мигранттарын медициналык кароодон өткөрүү эрежелерин кайра карап чыгууну суранды

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусиядагы расмий иш сапардын алкагында, Федералдык жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын негизги багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Талант Мамытов Орусия Кыргыз мамлекети үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, калыптанган достук мамиле мындан ары да жигердүү улантыла берерин кошумчалады.

Мындан тышкары төрага эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыш жогорку деңгээлде экенине токтолуп, эки тараптуу жана КМШ ПАА, ЖККУ ПА алкагындагы алакаларды сактоого жана арттырууга багытталган кыргыз тараптын аракети тууралуу сөз кылды.

“2021-жылы эки өлкөдө тең шайлоо өнөктүгү ийгиликтүү аяктап, Жогорку Кеңештин жана Мамлекеттик Думанын жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу парламенттердин тармактык комитеттеринин жыйындарын Орусияда, ал эми Кыргыз-Орус парламенттер аралык комиссиясынын Х отурумун Кыргыз мамлекетинде уюштурууну сунуштайм”, – деген Талант Мамытов Вячеслав Володинди Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Вячеслав Володин эки өлкө ортосундагы ишенимге негизделген мамилелер жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилеп, ар тараптуу алакаларды, өзгөчө парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасаларын кошумчалады. Муну менен катар расмий иш сапар тууралуу сунушту кабыл аларын белгиледи.

Ошондой эле Вячеслав Володин Талант Мамытовдун эки өлкөнүн парламенттеринин тиешелүү комитеттеринин өз ара байланышын арттыруу тууралуу пикирине макул болуп, Жогорку Кеңештин төрагасынын Кыргыз-Орус парламенттер аралык комиссиясынын Х отурумун быйыл Кыргыз мамлекетинде өткөрүү боюнча сунушун колдоду.

Тараптар евразиялык жана ЕАЭБ алкагындагы интеграцияга, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары төрага Талант Мамытов 2021-жылдын 29-декабрында кабыл алынган мигранттарды милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү эрежелери жөнүндөгү жаңы федералдык мыйзамга ылайык Орусиядагы кыргыз мигранттардын укуктук абалына байланыштуу маселелерге токтолду. Муну менен катар жаңы мыйзамды адаптациялоо мезгилинде Орусия тарапка Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен эмгек мигранттары үчүн бул эрежелерди кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

“Тиешелүү документтерди алдын ала даярдоосуна, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жараяндардан өтүүсүнө жана ишке орношуусуна көмөктөшүү багытында кыргыз тараптын колдоосу менен Кыргыз мамлекетинде миграциялык борбор ачуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну өтүнөбүз”, – деди Талант Мамытов. Бул сунушту да колдогон Вячеслав Володин аталган маселе иштелип чыгып, Орусия Федерациясынын өкмөтүнө жөнөтүлөрүн билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыгына шайкеш келген мыйзамдарды кабыл алууга жана ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө багытталган эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы туруктуу байланыштарды жана жолугушууларды уюштуруу зарылчылыгы белгиленди.

Кошумчалай кетсек, парламенттик делегациянын расмий иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан