Жогорку Кеңештин комитети Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык абалы боюнча маселени карады

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Ысык-Көл облусунун экологиялык-экономикалык абалы тууралуу” депутат Максат Сарбагышевдин кайрылуусун карады.

Анда Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы боюнча маселе көтөргөн. Ал белгилегендей, Чолпон-Ата шаарындагы насостук станция шаарды, пансионаттарды жана медициналык мекемелерди тейлейт. Тазалоочу курулмалардын иштеши ошол насостук станциядан көз каранды. Эгер авария болгон болсо Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирет.

Кошумчалай кетсек, саркынды суулар Ысык-Көлдөн 150 метр алыстыкта ​​жайгашкан атайын суу сактагычка куят. Ал эми насостук станцияны жаңылоо маселеси Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыянын эсебинен чечилиши мүмкүн.

Талкуу маалында депутат Султанбай Айжигитов Ысык-Көл облусундагы саркынды тазалоочу жайлардын маселесин комплекстүү чечүү үчүн өзүнчө программа иштеп чыгуу керектигин билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында, депутаттар бир катар тапшырмаларды берип, өз сунуштарын, сын-пикирлерин айтышты. Комитет бул маселени кайрадан апрель айында Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында өткөн жыйындын алкагында кароону чечти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан