Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили кайрадан ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал абактагы начар дарылоодон улам мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады.
Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган. Ага бир канча жыл мурун өлтүрүлгөн Сандро Гиргвлиани аттуу банк кызматкеринин иши боюнча айып тагылууда. Саясатчы абакта ачкачылык жарыялап, кайра токтоткон.