Путин Донецк, Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын таануу боюнча чечим кабыл алынарын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин Донбасстагы кырдаал боюнча жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинде Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын таануу маселеси болгон. Буга чейин алардын жетекчилери Денис Пушилин менен Леонид Пасечник бул маселени кароо өтүнүчү менен Владимир Путинге кайрылышкан.

Орусиянын коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын таануу боюнча айтып чыгышты. Жыйынтыгында Владимир Путин жакын арада чечим кабыл алынарын айтты.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан