Талант Мамытов Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөштү?

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусиядагы расмий иш сапарынын алкагында Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз-Орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Алгач Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко парламенттик делегация мүчөлөрүн депутаттык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, Жогорку Кеңешке ийгиликтерди каалады.

"Кыргыз мамлекетинин VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин делегациясынын биринчи расмий иш сапары Орусиядан башталганына кубанычтамын. Бүгүнкү жолугушуу Кыргыз малекети менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого кошумча түрткү берет деп ишенем. Ошондой эле президент Садыр Жапаровго эки тараптуу мамилелерди жигердүү өнүктүрүү ниети жана бул жааттагы бекем позициясы үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деди Валентина Матвиенко. Ошондой эле кыргыз тарапты Кыргыз Республикасынын туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүсүнө негиз боло турган конституциялык реформанын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов эки өлкөнүн ортосунда жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзгөн чоң мүмкүнчүлүктөр экенин канааттануу менен белгиледи. "Кыргыз мамлекети Орусиянын өз ара ишенимге жана узак мөөнөттүү достук мамилеге негизделген өнөктөшү болуп келген, мындан ары да алакаларыбыз арта берет", - деди.

Ошондой эле парламенттер аралык мамилелер жогорку деңгээлде экенин айткан Талант Мамытов кыргыз тарап кызматташтыктын жетишилген динамикасын сактоого жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады. "2021-жылы эки өлкөдө тең шайлоо өнөктүгү ийгиликтүү аяктап, Жогорку Кеңештин жана Мамлекеттик Думанын жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз мамлекетинде өтөрү мерчемделген Кыргыз-Орус парламенттер аралык комиссиясынын Х отурумун ушул жылы уюштурууну сунуштайм", - деди төрага.

Валентина Матвиенко Талант Мамытовдун парламенттер аралык алакаларды арттыруу багытындагы пикирине макул болуп, кызматташтыктын келечектүү маселелерин күн тартибине камтуу менен быйылкы жылы Кыргыз-Орус парламенттер аралык комиссиясынын Х отурумун өткөрүүнүн актуалдуулугун белгиледи. Муну менен катар Федерация кеңешинде Орусиясынын ар кандай субъектилеринин өкүлдөрү бар экенин айткан төрайым, аймактар ​​аралык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнү сунуштады жана бул маселени парламенттер аралык комиссиянын жыйынынын күн тартибине киргизүү керектигин кошумчалады.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине да токтолгон Федерация кеңешинин төрайымы Конституциянын жаңы редакциясында орус тили расмий тил макамын сактап калганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар орус тилинин муктаждыктарын эске алуу менен ишке ашырылып, расмий тил катары азыркыга чейин эл аралык баарлашуу тили катары кызматын улантып жатканын белгиледи.

Андан тышкары жолугушууда миграция тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Төрага Талант Мамытов Орусиядагы кыргыздардын укуктук абалын жакшыртуу маселесине токтолуп, Валентина Матвиенкодон Кыргыз жарандарынын айрым категорияларын "кара тизмеден" чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Валентина Матвиенко кыргыз тараптын миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан