Түркия Орусиянын Донецк жана Луганск республикаларын таануу чечимине реакция жасады

Түркия Орусиянын президенти Владимир Путиндин Донецк жана Луганск республикаларынын көз карандысыздыгын таануу чечимин айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Москванын аракеттерин "кабыл алынгыс" деп атаган.

"Орусиянын Донецк жана Луганск деп аталган республикаларын таануу чечими Минск келишимдерине карама-каршы келет жана Украинанын саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн ачык бузууну билдирет. Орусиянын чечими кабыл алынгыс жана биз бул чечимди четке кагабыз”, - деп айтылат Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Түркия Украинанын саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча өзүнүн чечкиндүүлүгүн ырастап, бардык кызыкдар тараптарды акыл-эс менен иш алып барууга жана эл аралык мыйзамдарды сактоого чакырганын белгилеген.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жарлыгына кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ruslanz
2022-02-22 10:22:25
Болгон олколор реакция кылыш керек, бутундой олкону бытыратып бутурду. Болгон жерге эле мурдун тыгып атышат.
0
Tursunbaev1978
2022-02-22 10:42:00
Назарбаев өтө куу адам болгон экен,борборду Астанага жылдырып,болбосо Орустар Казактардын жерине да кызыгат эле,түндүк жагына,себеби ал жакта Орустар көп,эми беш,он жылдан кийин Донецк менен Луганскты кошуп алат Россияга
+1
ruslanz
2022-02-22 10:50:37
Tursunbaev1978, Туура Назарбаев орустарды жакшы билет, ошол учун ошондой кылган. ДНР менен ЛНР ди орусия дей бериш керек. Алар орустарга жуз пайыз коз каранды.
+2
nargiz-sa
2022-02-22 14:59:22
Tursunbaev1978,көрөгөчтүк кылган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан