Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Донецк жана Луганск элдик республикаларындагы абал боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасынын телеграм каналына жарыяланды.
"Кырдаал азыр начарлап, абал курчуп баратат. Ошондуктан Казакстан эл аралык коомчулукту дипломатиялык күч-аракеттерди колдонууга чакырат", - деген Тлеуберди.
Ошондой эле ал Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаал боюнча расмий позиция коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынарын айткан. Ал эми Казакстан Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу боюнча маселе азырынча каралбай турганын жана ЖККУнун алкагында аскерлерди жөнөтүү мүмкүн эместигин билдирген.
Маалымат үчүн:
Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин Донбасстагы кырдаал боюнча жыйынын өткөргөн. Жыйында Путин Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жарлыгына кол койгон.
Түркия Орусиянын президенти Владимир Путиндин Донецк жана Луганск республикаларынын көз карандысыздыгын таануу чечимин айыптады.
Украинанын президенти Володимир Зеленский Орусиянын Луганск жана Донецк элдик Республикаларынын көз карандысыздыгын тааныгандан кийин украиналыктарга кайрылуу жасады.