Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай Жусупбек уулу комитет жыйынында Жогорку Кеңешти Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүүгө чакырды.
"Тынчтык жолуна чакыралы. Себеби Украина жана Орусия менен бир мамлекетте 70 жыл жашаганбыз. Кандай болгон күндө да Украина дагы, Орусия дагы боордош элбиз. Бул учурда унчукпай туруп берген туура эмес. Мен ушуну сунуштайт элем. Качкындар болуп жатат. Андыктан парламенттин отурумунда өз оюбузду билдирип коёлу", - деди депутат.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жарлыгына кол койгон. Буга удаа эле Украинанын президенти Володимир Зеленский украин элине видеокайрылуу жасады.