Кайра шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин шайлоо фонддоруна 27 миллион 920 миң 120 сом түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын сайтына жарыяланды.
Мында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 10 миллион сомдон ашуусу мүмкүн эмес.
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 21-февралга карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 27 920 120 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 23 миллион 285 миң 298,18 сом сарпталган.
№ |
Аталышы |
Түштү |
Сарпталды |
1 |
№ 27 Биринчи Май шайлоо округу |
12 162 500.00 |
9 306 067.18 |
2 |
№ 29 Свердлов шайлоо округу |
15 757 620.00 |
13 979 231.00 |
Бардыгы: |
27 920 120.00 |
23 285 298.18 |