Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети акыйкатчы кызмат ордуна Атыр Абдрахматованын талапкерлигин карады

Бүгүн, 22-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети акыйкатчы кызмат ордуна Атыр Абдрахматованын талапкерлигин карады.

Атыр Абдрахматованын талапкерлигин “Ишеним”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ынтымак” жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциялары көрсөтүүдө.

Жыйынтыгында тармактык комитет акыйкатчы кызмат ордуна шайлоо үчүн Атыр Абдрахматованын талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

Буга чейин Атыр Абдрахматова Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштеп келген. 2020-жылы октябрь окуясынан кийин ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен токтоткон.

Бул кызматты Токон Мамытов аркалап келген. Ал былтыр парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан