Украинанын президенти Володимир Зеленський Орусия тараптан келген аскерий коркунучтун күчөшүнө байланыштуу запастагы аскерлерди чакыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Украинская правда" басылмасы жазды.
Ошол эле учурда Украинанын президенти жалпы мобилизация жарыялоонун зарылдыгы жок экендигин билдирген.
"Мен атайын мөөнөттө запастагы жоокерлерди чакыруу боюнча жарлыкка кол койдум. Сөз оперативдүү запаска дайындалган жарандар жөнүндө гана болуп жатканын баса белгилейм. Биз украин армиясынын оперативдүү кырдаалдагы бардык мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө даярдыгын жогорулатышыбыз керек", - деген Зеленський видеокайрылуусунда.
Ал ошондой эле бардык аскер кызматкерлери үчүн кошумча окуу жыйындарын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгонун айтты.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жарлыгына кол койгон. Буга удаа эле Украинанын президенти Володимир Зеленський украин элине видеокайрылуу жасады. Өз кезегинде көптөгөн өлкөлөр Украина менен Орусияны сабырдуулукка чакырууда.